Главная страница » Ат-Башыда «Япон күнү» белгиленип, бир катар долбоорлор тааныштырылды

Ат-Башыда «Япон күнү» белгиленип, бир катар долбоорлор тааныштырылды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushАт-Башы районунда «Япон күнү» өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Кыргыз-Япон билим берүү фондунун, Япон таануу институнун, Кыргыз-Япон адам ресурстарын өнүктүрүү борборунун жетекчилери, адистери катышып, жергиликтүү тургундарга япон маданиятын, ыр-күүлөрүн, бийлерин тартуулашты.

Иш-чарада 2024-жылы райондук ооруканага япон «Алтын тамыры» долбоорунун алкагында 7,7 млн сомдук лапароскоп заманбап мединициналык жабдуусу келгендигин, чакан ишканага дары чөптөрдөн эфир майын алуучу технологиялык жабдуулар келгендигин белгиленди. Ал эми көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, япон инвесторлору тарабынан 100 гектар жерге чычырканак, 10 гектарга карагат плантациясын уюштуруу иштери жүрүп жаткандыгы дагы айтылды.

Иш-чаранын алкагында япондордун, кыргыздын улуттук аспаптарында кол ойнотулуп, япон улан-кыздары кыргыздын комуз күүлөрүн тартууласа, райондук жаш уландар спорт мектебинин окуучулары япон спорттук оюндарын, Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинин окуучулары кыргыз бийлерин аткарышты.

Аны менен катар кыргыз боз үйү тигилип, «Жаратман» айымдар тарабынан кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгү, улуттук азыктары көргөзмөгө коюлуп, улуттук ашканасынын тамактары жасалып, келген конокторго тартууланды.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz