Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бала бакчалардагы тарбиячылар арасында кароо-сынак уюштурулган. Бул сынактан баш байгени алган тарбиячы Бегимай Казыбек кызы менен аймактык кабарчы маек курду.
Бегимай Казыбек кызы 1992-жылы 9-декабрда Ак-Муз айылында туулган. Боогачы орто метебин аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин филология факультетине тапшырып, ийгиликтүү аяктаган. Андан кийин «Ак-Жар Сезими» балдар бакчасында 10 жылдан бери иштеп келе жатат. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кызы бар. Жолдошу Тынчтык Тоголоков райондук билим берүү бөлүмүндө иштейт.
«Тарбиячылар арасындагы өтүп жаткан сынактын биринчи туру өзүбүздүн бакчада өткөн соң, райондук турга жолдомо алдым. Жетекчилик, бала бакча жамааты ишеним көрсөтүп жаткандан кийин ишеничтерин актайын дедим. Баш отум менен киришип катыштым. Болгон күч-аракетимди жумшадым. Көп окудум, улуу эжелерден кеңеш алган учурлар болду. Тарбиялануучуларым дагы жакшы катышып, жолдошум дагы жардам берди.
Сынакка слайд жасадык, тесттен өттүк, сабак өттүк. Балдарга жандуу нерсе менен сабак өтөйүн деп, тирүү сөөлжандарды алып келдим. Балдарга халат, чепчик, кол каптарды кийгиздим. Алар сөөлжандарды “лупа” менен карап, колдоруна кармап дагы көрүштү. Эмне пайда, эмне зыяны бар экенин айтып бердим.
Сөөлжандын пайдасы көп. Ал нымдуу топуракта, кара топуракта, айдоо аянттарында болот. Топуракты жутуп, аны иштетип, органикалык зат кылып иштеп чыгарат. Ошол иштелип чыккан топодон витаминдүү жер-жемиштерди жейбиз.
Изилдеп чыгып, зыяндуу жагын тапкан жокмун. Айнек, таштан башкасынын баарын жейт. Аны өстүрүп үйгө бизнес кылса дагы болот. Алар жаан-чачын болгондо жолго чыгып калат, мурун маани берчү эмесмин. Көрсө дем алыш үчүн чыгышат экен. Анткени жаан жааганда топонун ичинде аба көп жок болуп калат экен. Суу жылмакай болуп, сойлоп жүрүүгө ыңгайлуу болот. Анан дагы сөөлжандар менен тамактанган жырткычтар дагы сыртта аз болот экен.
Айылда байкемдер сөөлжан багат. Жер-жемиштер картошканын кабыгын, чирип кеткен жемиштерди ошонун үстүнө таштап салышат. Ошону жеп көбөйө беришет», – деди ал.
Кесиби өзүнө жагып, ар бир баланын мүнөзүн түшүнүп, психолог болуп калаарын билдирди.
«Биз балдарды көбүнчө илгерки методго салып, чаап коюу керек дейбиз. Бирок андай кылбаш керек. Алдап, мактап койсоң андан дагы ачылат. Зордук-зомбулук көрсөтпөй, баланын тилин таап, тили чыкпай жатса адистерге кайрылышса, балага жакшы көңүл бурушса деп айтаар элем», – деп сөзүн жыйынтыктады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды