Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Сузак районуна караштуу Жоон-Күнгөй айылынын тургуну Имигүлсүн Сапарова 2006-жылы туулган уулу Бакытбек Базарбаев аскердик милдетин өтөөгө барып, оорукчан болуп кайтып келгенин айтууда.
Анын айтымында, уулунун саламаттыгында буга чейин маселе болгон эмес. 2024-жылы сентябрь айында аскердик кызмат өтөөгө чакыруу келип, октябрь айынан аягында жоокердик милдетин аткарууга барган. Эми мынтип уулун кароо менен убара тартып жүрөт.
«Уулум «апа аскерге барып келе берейинчи» деп чакыруу келгенде өзү да кызыгып баштаган. 2024-жылдын 28-октябрында Сузак районунан, 29-октябрда Жалал-Абад шаарынан медициналык кароодон өтүп, 30-октябрда Ош облусундагы №81497 аскер бөлүгүнө жиберилген. Уулум да жакшы үмүт менен кеткен. 4-ноябрда аскер бөлүктөн экенин айтып бир кызматкер байланышып, «баланарды эрке тарбиялап коюпсунар, айткандарды аткарбай жатат» деп айтты. Өзүбуз жолдун алыстыгынан Оштогу кайын эжемдерге байланыштык. Биз көнө албай жатат окшойт деп ойлогонбуз. 6-ноябрда кайын эжемдер «батыраак келгиле бизди тааныбай койду» дед. Биз да түшүнбөй калдык. 16 жаштагы уулум, атасы мен үчөөбүз бардык. «Апа» деп мени таанып учурашты. Иниси менен атасына салам да берген жок. Такыр сүйлөбөй койду. «Токоч жейм» деди, боорсок жасай баргам ошону бердим. Негедир жута албай кыйнала берди. Ооруп атасыңбы десем «жок» дейт.
Оштогу психикалык ооруканага алып келишти. Бетинин сол тарабы так болуп калыптыр, айтсам эч кимдин иши болбоду. Ал жерге жаткырууга биз макул болбодук. 21-ноябрда уулум «апа биз жолго чыктык» деп телефон чалды. Кийим-кечесин алып келип, шаардан уулубузду алып кеттик. Жайдары кеткен баламды калтырак баскан абалда колума тапшырышты. Мындай сүйлөшуп сурасак «урган жок» дегенден башка сөз сүйлөбөй калды. Тамак сиңире албай кусуп, мурду канай берди. ФАПтан укол алдырдык, кичине жакшы болгондой болду. Декабрь айы аяктап оорусу кайра күчөдү. Неврапатологдорго көрсөттүк, 2 жолу томографияга башын салдырдык.
Январь айындагы эс алуу күндөрдө катуу ооруп жалаяк (памперс) кийип калды. Облустук ооруканага алып келебиз негедир балабыз жаткырышпады. «Мен качкан жокмун» деп ооруканага келгенде кыйкырып бакырып, титиреп калды. Анан Бишкекке алып жөнөдүк. Борбордогу психикалык ооруканага жаткырылып, 54 күн дарыланып чыкты. Баламдын кыйналганын көрүп анан ар тарапка кайрылып баштадым. «Баласы өзү оорулуу экен, каттоодо турат экен» деген сыяктуу сөздөрдү чыгарып жатышат экен. Каттоодо турганды аскерге алып кетишеби? Бир эмес 2 жерден медициналык кароодон өтүп жатат. Жаштайынан бир ооруканага жатпай чоңойгон. Дарыланып келгенден кийин эстеп, токмоктолгонун айтып атат. Ага чейин «мени эч ким урган жок» эле дей берди.
Ким урган болсо жоопко тартылсын, акыйкат тергелишин каалайм. Качан гана Жогорку Кенеште Алтынбек Кылычбаев маселени көтөргөндө кичине кыймыл башталды. Биздей карапайымдын үну угулбай, укугу корголбой эле калып кете берет экен», – деди ал.
Имигүлсүн айым Акыйкатчы институтуна, Аскердик прокуратурага да кайрылганын кошумчалады.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды