Главная страница » Ананьев айылында Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жаңы имараты курулат

Ананьев айылында Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жаңы имараты курулат

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев айылында Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук травматология жана ортопедия борборунун жаңы административдик имараты курулат.

Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 226 токтомунда айтылгандай, Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасы долбоорду түзүү жана куруу боюнча башкы подрядчы болуп аныкталды.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги техникалык регламенттердин, курулуш нормаларынын, эрежелеринин жана башка нормативдик документтердин белгиленген талаптарынын сакталышына көзөмөл жүргүзөт жана долбоорлоо, куруу, экспертизадан өткөрүү, курулуп бүткөн объектилерди пайдаланууга кабыл алуу үчүн архитектуралык-шаар куруу жана уруксат берүүчү документтерди алууга көмөктөшөт.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет («Эркин Тоо» гезити, 2025-жылдын 25-апрели, № 31).

Место на карте:

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz