Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргыз Республикасынын 2000-жылы туулган жараны А. уулу Б. Америка Кошмо Штаттарында дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
«Жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу келип түшкөндөн баштап Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги А.у.Б.нын жүргөн жерин аныктоо боюнча иш алып бара баштаган. Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Виржиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен чогу иш жүргүзүлүүдө», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды