Главная страница » Алкоголдук продукцияны көзөмөлдөгөн чиновник менен «Нур&Ай Компани» компаниясынын ээси кармалды

Алкоголдук продукцияны көзөмөлдөгөн чиновник менен «Нур&Ай Компани» компаниясынын ээси кармалды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Т.А.А. жана «Нур&Ай Компани» ЖЧКнын ээси Т.Р.Ж. кармалды. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы 28-апрелде билдирди.

Мамлекеттик агенттик Министрлер кабинетине карайт.

Комитеттин расмий маалыматы боюнча, «Нур&Ай Компани» ЖЧКсы 2023-жылы этил спиртин медициналык, ветеринардык, техникалык жана башка максаттарда пайдаланган атайын керектөөчүлөрдүн жана субъекттердин тизмесине киргизилген. Ага ылайык аталган компания этил спиртин акциз салыгын төлөбөстөн квота боюнча «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасынан сатып ала турганы аныкталган.

«Компаниянын жетекчиси Т.Р.Ж. мамлекеттик алкоголдук агенттиктин директору Т.А.А. көрсөткөн колдоо менен сатып алган спирт ичимдиктерин өз багыты боюнча эмес, Бишкек шаары жана Чүй облусундагы жеке жактарга саткан. Бул мыйзамсыз аракеттердин кесепетинен мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», – деп билдирди УКМК.

2 шектүү 24-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz