Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Белгисиз жарандар Е.К. аттуу жаранга телефон чалып, өздөрүн УКМК кызматкерлери катары тааныштырып, 300 000 сомду банктык эсепке котортуп алышкан. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
«Андан тышкары Е.К.ны Бишкек шаарында жайгашкан батирин 74 000 долларга сатууга мажбур кылышып, акчаны бир нече банктык реквизиттерге котортуп алышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө дропперлер – алдамчылар тарабынан уурдалган акчаны накталай алуу үчүн колдонулган адамдар: 2006-жылы туулган А.А., 2006-жылы туулган Э.Н., 1980-жылы туулган Т.А. кармалды.
Тинтүү жүргүзүлгөн убакта банктык эсеп карталары, ар кандай төлөм дүмүрчөктөрү, сим-карталар жана белгисиз маркадагы тапанча (ок-дарысы жок) табылган.
Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», – деп айтылат расмий маалыматта.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды