Главная страница » Аламүдүндө каада-салт жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө болду

Аламүдүндө каада-салт жана кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө болду

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushАламүдүн районуна караштуу Сүймөнкул Чокморов айыл аймагына караштуу Мрамор айылдык маданият үйүндө улуттук наркты даңазалаган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чаранын негизги максаты президенттин «Улуттук нарк» жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу болуп саналат.

«Анда маданий кызматкерлери жана таланттуу айыл тургундары тарабынан улуттук нарктын уңгусу болгон улуттук каада-салттар, маданий мурасы катары калыптанган өнөрлөр тартууланып, кол өнөрчүлөрдүн кол эмгектери көргөзмөгө коюлду.

Иш-чарага райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Дамира Кубатова, С.Чокморов айылынын башчысы Тимур Жумалиев, айылдык кеңештин төрагасы Максат Акматбаев жана бардык китепкана, клуб башчылары, айылдын таланттары катышты.

Мындай маданий иш-чаралар райондун бардык аймактарында уюштурулуп өткөрүлөт», – деп айтылат маалыматта.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz