Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Васильевка айылына жакын жайгашкан суу сактагычтан «алтын балык» кармалды.
«Салмагы 200 грамм болгон балык кадимки кайырмакка түшкөн. Ал ачык сары түсү менен абдан таң калтырды. Балык алтындан куюлгандай көрүндү. Мындай үлгүлөрдү буга чейин көргөн эмеспиз», – дешет балыкчылар.
Эколог Александр Сосновский, башынын жана канаттарынын формасына караганда, бул таманбалык (карась) менен каңылтырдын (карп) айкашуусу болушу ыктымал экенин белгиледи.
«Балыктын бул эки түрү каңылтыр балыктарынын тукумуна кирет жана оңой эле аргындаштырат. Бүгүнкү күндө Чүй облусунун көптөгөн балык чарбалары каңылтыр балыгын жасалма жол менен көбөйтүүгө аракет кылып жатышат. Алтын жана күмүш таманбалыгы биздин суу сактагычтардын типтүү жашоочулары. Ошондуктан гибриддер (аргын) пайда болушу мүмкүн», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды