Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ооруканага барып Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Султанбай Айжигитовдон кабар алышты.
Маалым болгондой, 30-апрелде Айжигитов Президенттин иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бүгүн, 1-майда ал тез жардам кызматынын ооруканасына кароодон өтүүгө жеткирилген. Институттун кызматкерлери барган учурда дарыгерлер бейтапты текшерип, анын оң колундагы гематома жана оң кашынын үстүндө сыйрылган жери аныкталгандыгы боюнча Стамбул протоколуна ылайык акт түзүп жатышкан.
Институттун кызматкерлери Султанбай Айжигитов менен баарлашып, денесине кароо жүргүзүшкөн.
Мурдагы депутаттын айтымында, 30-апрелде саат 11:00дор чамасында аны жактоочусунун үйүнүн жанынан күч колдонуп кармап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине алып кетишкен.
«Андан кийин менин жана менин аялымдын баш коргоо чарасын аныктоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Ал жакта ден соолугум начарлап, ооруканага жеткирилдим», – деген ал.
Султанбай Айжигитов кайрадан Президенттин Иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Буга чейин мурдагы эл өкүлүнү сот залында ден соолугу начарлап, ооруканага түшкөнү кабарланган. Социалдык тармакта жарыяланган сүрөттөрдө анын денесинде көгала тактар, жүзүндө тырык болгон.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды