Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну, жалгыз бой эне Айзат Мааданбекованын турак үйүн суу каптап жатат.
Анын айтымында, 2 күндөн бери күн ысыгандыктан Уу-Талаа чөлкөмүндөгү Ак-Жар сайынан суунун көлөмү көтөрүлүп, сугатка бурулган суу 2 күндөн бери үй-жайын каптап жатат.
«Ак-Суу деп коюшат, айылдын баш жагынан суу келет. Бул суунун башында атайын мурап (сугат сууну бөлүштүрүп берип туруучу адам, суубашы) болуш керек эле. Бирок “быйыл мурап жок” деп кайдыгер карап, эч ким көңүл бурбай жатат. 2 күндөн бери күн ысыгандыктан суу көтөрүлүп, каналга батпай жатат. Айыл эли сугат деп,сууну токтотпой жатышат. Башынан сайга салып жиберишпесе токтобойт. Суунун башында буга чейин мурап иштеп, сууну нары-бери буруп турчу. Эми минтип лакылдаган сууну арыкка салып салышты. Суу салардан мурун арыкты казып, оңдоп коюшпайбы. Өзүм жесир аялмын. Эки күндөн бери жаш балдарым менен чыркырап жүрөм.
“Арык, каналды оңдоп туруп, суу салбайт белеңер” десем, “өзүң тосуп албайт белең” деп, кайра мени күнөөлөшөт. Лакылдаган сууну кантип тосом же үйдө эркек болбосо? Сууну баш жагынан сайга салыш керек болчу. “Сайга салгыла” десем, “эл чөп сугарып жатат” деп, болбой жатышат. Алар чөбүн сугарып, малын баксын, а менин үй-жайым кулап калса мейлиби. Кечээ бир техника менен келишип, сууну тосуп токтотуп беришкен, кайра эле каптап жатат. Азыр түндүн бир убагында дагы каптап жатат. Техника жиберишкен, мунун алы жетпей жатат. Бул жактагылар “мурап жок, бул канал суу чарба башкармалыгына өтүп кеткен, бизге карабайт” деп жатышат», – деди чыркыраган жалгыз бой эне.
Ал эми Кош-Дөбө айылынын башчысы Марат Эдигеев учурда кайра техника жиберип, жалгыз бой эненин үйүн каптап жаткан суунун нугун буруп жатышканын айтты.
«Ооба, кечээ күндөн бери күн ысыгандыктан улам суу көтөрүлүп жатат. Кечээ кечинде “суу каптап жатат” дегинен техникасы бар бир жигитти жиберип, түнкү саат 02:00дө сууну сайга салдыртканбыз. Ал жакта суу ары-бери ойноп турат да. Бүгүн дагы каптап жаткан экен. Эми ал жигитти кайра жумшай албайбыз. Чындыгында, ал сууну көзөмөлдөп турган мурап жок. Мурап чыкпай жатат, тейлегенге убактылуу киши жок. Мурда ал жерди суу пайдалануучулар ассоциациясы тейлөөчү. Андан кийин муниципалдык ишкана тейледи. Быйыл каналдын бардыгын суу чарба башкармалыгы алды да. Менин колумда техника жок. Кечээ, мурда иштеп жүргөн жигитти суранып жиберген элем. Бул суу менен Ой-Беде чөлкөмүндө дыйкандар 300 гектар аянтын сугарат. Бир күндө 6-7 кулак суу алат. Ылдый жагында дыйкандардын кызыкчылыгы бар. Ал эми өйдө жагында үйлөрдү суу каптап жатат. Ой-Беде чөлкөмүндө жалпы 600 гектар аянт бар. Мунун 450 гектар аянтын насостук станция менен сугарабыз. Калган жерлерди ушул ак суу менен сугарабыз. Ушундай суу көп кезде сугарып албасак, анын баарын сугарганга насостук станциянын суусу жетпейт. Чындыгында арык-каналдар эскирди. Ошол жактагы латоктун түбү сынып калыптыр деп жатышат. Анан башкы суу бөлүштүрүүчү жайы бар. Суу менен ар кандай нерселер агып келип, щитти бүтөп калат. Ал кезде бирөө барып, күндө 2 маал тазалап, сайга салып туруш керек да. Ошол жерге иштегенге эч ким чыкпай жатат. Айлык төлөнбөгөн жерге эч ким иштегиси келбейт экен. Дагы бир жагдай, жардам бербей койгон жокпуз. Үй-жайын каптап жаткан сууну ары буруп коюшса болот да. Ал чоң деле суу эмес, арыгын тосуп коюшпайбы», – деди айыл башчысы.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды