Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылынын тургуну Алтынчач Осмоналиева 9 жылдан бери билим берүү тармагында эмгектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Алтынчач Осмоналиева 1975-жылы 11-февраль күнү Тоголок Молдо айылында туулган. 1981-1992-жылдары аталган айылдагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде, 1992-1995-жылдары Кадырбай Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык университетинен башталгыч класстардын мугалими кесибине ээ болуп чыккан. Андан соң, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдик боюнча бакалавр квалификациясында билим алган. 2015-жылдан бери аталган мектепте китепканачы, мугалим болуп эмгектенип келет.
Алтынчач Осмоналиева өмүрлүк жубайынан айрылганына 8 жыл болгондугун айтты.
«Мен жөнөкөй эле карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм. Бирок, чоң апамдын колунда өстүм. Биз 5 бир тууган элек. Атам менен бир иним бул дүйнөдөн өтүп кетти. Апам эмчи айым болуп иштечү. Учурда пенсияга чыгып, Кемин шаарында инимдин колунда жашайт. Өзүмдүн 1 уулум жана бир кызым бар. Кызым турмушка чыккан. Учурда 4 неберенин таенесимин. Уулум 6-класста окуйт. Жолдошум дагы бул дүйнөдөн өтүп кеткенине 8 жыл болду», – деди ал.
Алтынчач айымдын мугалим болуусун жалгыз гана апасы колдогон.
«Мугалим болуу мектепте окуп жүргөндө эле кыялым болчу. Бирок, үйдөгүлөр “тигүүчү же дизайнер жагын эле оку” дешкен. Анткени, кол өнөрчүлүк жагына аябай шыктуу болчумун. Өзүмдүн апам менин мугалим болом дегениме макул болгон жалгыз адам болгон. 2 жыл мектепте китепканачы жана дене тарбиячы болуп иштедим. 2017-2018-жылдары башталгыч класстар боюнча директордун орун басары болуп эмгектендим. 2018-2019-жылдары окуучулардын саны кескин азайып, бул штат жабылып калды. Класс алганыма 2 эле жыл болду. Орун жоктугуна байланыштуу 6 саат менен мектеп китепканасында эле иштеп жүрдүм», – деди Алтынчач айым.
А.Осмоналиева кол эмгектин түрүн жасаганды дагы өздөштүрүп алган.
«Эмгек жолум дароо эле мугалимдик кесиптен башталган жок. Көп жылдар тигүүчүлүк менен алектендим. Анткени, апам иштүү кемпир болчу. Кол өнөрчүлүктүн бардык түрү колумдан келет. Ийик менен жип ийригенден башкасын бүт эле жасап жүрөм. Шырдак өз колумдан чыгат, оюдан баштап шырып бүткөнгө чейин жасайм. Тигүүчүлүк боюнча курактын түрүн, сайма, бисер менен иштөө, түймөнүн көп түрүн билем. Мурда жасап сатчумун. Буйрутмаларды алып да жасаган убактар болгон. Албетте, үйгө дагы жасайм. Боз үйдүн дагы жабууларын жасаган күндөр болгон. Кийизинен баштап бардык жасалгасына чейин жасагам. Азыр мектептин иштери менен алектенгендиктен, кол өнөрчүлүк кылууга убакыт деле жок. Бирок, бош убактымда тиге калып жүрөм. Жолдошум экөөбүз 5-6 жыл Соң-Көлдө туристтерди тосуп дагы иштедик», – деди А.Осмоналиева.
Алтынчач айым ысымы жомоктогу ханбийкенин ысымынан улам атасы койгондугун айтты.
«Атымды биринчи уккан эле киши “ким койгонун сурайт” берет. Сизди “сураган жок” деп ойлоп койдум эле, бирок сурадыңыз ээ (күлүп). Атымды атам коюптур. Кичине кезимде “эмнеге башка ат койбодуңар?” деп үйдөгүлөргө нааразычылык билдирип жүрдүм. Негедир, атым жакчу эмес. Бир жолу атам жомок айтып берди. Көрсө, ошол жомоктогу ханбийкенин аты Алтынчач экен. Жомокту сонун кылып айтып берди. Ошондон кийин өзүмдүн атымды жакшы көрүп калгам. Негизи эле атам дайыма кызыктуу жомокторду көп айтып берчү. Атам өзүнүн инисинин кызына дагы Гүлмэри деген ат койгон. Азыр Гүлмэри дагы атын жактырбай жүрөт. Сейрек ат болгон үчүнбү, билбейм. Гүлмэри менимче сонун эле ысым, мага жагат. Гүлмэри деген ысымдын маанисин дагы укмуш чечмелеп айткан эле, бирок эстей албай жатам», – деди Алтынчач айым.
А.Осмоналиева биринчи жолу Баетов—Кош-Дөбө унаа жолу менен сапарга чыгып, чаңга көмүлгөнүн унутпайт.
«2018-жылы Кош-Дөбөгө райондук семинарга барууга туура келди. Ак-Талаа районундагы бардык мектептерден мугалимдер, китепканачылар райондук билим берүү бөлүмүнүн алдына чогулуп, бир эле унаа менен бармай болдук. Райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери, райондун борборундагы мектептин мугалимдери жоолук салынып алышыптыр. Мен “күн жылуу болсо, булар эмне жоолук салынып, плащ кийип алышкан” деп аябай таң калып койдум. Биз болсо дресс-код мененбиз. Ошентип жолго чыктык. Көрсө, Кош-Дөбөгө барчу жолду алар кандай экенин билишет экен. Жолдо бети-башыбыз титиреп, чаңдап бардык. Жакшынакай эле заманбап “Спринтер” унаасы болчу. Кош-Дөбөгө жетип эле мектептин алдына түштүк. Окуучулар кире бериштен эле тосуп турушуптур. Чаңдан кийим, чач, бети-башыбыз көрүнбөй, боппоз болуп калыптырбыз. Берки жоолук салынып, плащ кийип алган эжекелер баягы жоолуктарын, сыртындагы плащтарын чечип, таптаза, сулуу бойдон кирип кетишти (күлүп)», – деди ал.
Алтынчач айым окуучусуна «2» деген баа коюп алып, кайра коркконун айтып берди.
«Жаңыдан мугалим болгон жылы адеп сабагынан 6 саат менен иштеп баштадым. Кайыр деген эженин классында бир окуучу таптакыр эле тапшырма аткарбайт. Сабак учурунда деле кабыл алуусу жокко эсе болчу. Бир күнү күндөлүгүнө “2” деген баа коюп койдум. Ага чейин сабакка тартууга жакшы эле аракет кылып көрдүм. Анан Кайыр эже мага келип: “Чоң энеси менин балама эмнеге “2” коет, ал ким экендеп жатат. “2” койгонго болбойт десе, эмне дээримди билбей, коркуп кеттим. Бир убакта эсиме келе түшүп, кимдин баласы экенин сурасам, өзүмдүн аяш апамдын небереси экен. Аяш апама телефондон байланышып, “мен Алтынчачмын” десем, күлүп эле жалынып-жалбарып, “ырас иштеп алган турбайсыңбы, жакшы иште” деп ийгилик каалап, жакшы сөздөрүн айтты. Азыркы учур болгондо “эмнеге “2” койбойм, окусун, “5 баллдык системаны эч ким жойгон жок” деп айтмакмын да, коркуп отурбай», – деди Алтынчач Осмоналиева.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды