Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 95 жаштагы тургуну, согуш ардагеринин байбичеси Зууракан Буйлашова менен мугалим жана окуучулар жолугушуп, үй иштерин жасап беришти.
Аталган айылдагы Байымбет атындагы орто мектебинин класстан тышкары иштердин уюштуруучусу Нургүл Шаршенованын айтымында, 9-май — Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, маркум Садык Буйлашовдун байбичеси менен 8-класстын окуучулары жолугушту.
«Зууракан апа жолдошу Садык ата тууралуу, өзүнүн ооруктагы эмгектери, чөп чапканы, орок оргону, сакмалга барганы тууралуу айтып берди. Мындан тышкары, өзүнүн акыл-насааттарын айтып, батасын ыроолоду. Үй иштерине бир аз болсо дагы кол кабыш кылып, окуучулар үй ичин жыйнап, айлана-чөйрөсүн тазалап, терезелерин сүртүп жууп беришти. Зууракан апа улуу баласы Калыбек Буйлашовдун колунда. Бул окуучулар үчүн абдан таасирдүү жолугушуу болду», – деди Н.Шаршенова.
Ал эми Зууракан Буйлашова жолдошу Садык Буйлашов менен согуш бүткөндөн кийинки жылдары баш кошушкандарын айтты.
«Садык менен согуш бүткөндөн кийин 1948-жылы үйлөндүк. 30 жыл бирге түтүн булатып жашап, 10 балалуу болдук. Абышкам 1979-жылы каза болуп калды. Согуш учурундагы окуяларынан айтып калчу, унутуп деле калдым. Согушта 2 эле жыл жүрдү. 1941-жылы барып, 1943-жылы кайтып келди. Согуш учурунда колуна ок тийип, колунан ажырап калып келген. Андан бери 10 баланы үйлөнтүп-жайланттым. Союз учурунда кой бактык, чөп чаптык, арык каздык, тоонун баарын араладык. Биз кылбаган оокат калган жок. Өзүм азыр 95 жаштамын. Анан эми азыркы жаштар ыймандуу, ырыс-кешиктүү, жакшы балдар болушсун. Анан “соткадан” алысырак болсун дейт элем, менин суранарым ушул. Аман жүргүлө, жакшы иштегиле, үй-бүлөгө жана ата-энеге кайрымдуу болуп, жакшы балдардан болуп өскүлө», – деди Зууракан апа.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды