Главная страница » Ак-Талаада жол кырсыгынан кытайлык жаран каза болуп, дагы 2 жаран жаракат алды (видео)

Ак-Талаада жол кырсыгынан кытайлык жаран каза болуп, дагы 2 жаран жаракат алды (видео)

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Бүргөн айыл аймагына караштуу Кара-Бүргөн айылында кытайлык жарандар унаа кырсыгына кабылып, бири каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кечээ, 1-май күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Баетов—Кош-Дөбө унаа жолунда же тактап айтканда Кара-Бүргөн айылынын түндүк тарабындагы Ак-Сарай чөлкөмүндө темир жол куруу иштери менен жүргөн кытай жарандары жол тандабас унаасы [болжолдуу түрдө «Тойота Хайлюкс» (Toyota Hilux)] менен бара жатып, унаа аласалып кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтканына караганда, алар рулга ээ боло албай калган же унаасын шагылга тарттырып жиберген.

Жергиликтүү тургундар тарабынан тез жардам бөлүмү чакырылган.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунан билдиришкендей, 1-май күнү саат 14:00дө райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун тез жардам бөлүмчөсүнө чакыруу келип түшкөн. Тез жардам бөлүмү тарабынан аталган борборго 2 кытай жараны жеткирилген.

Жыйынтыгында, 1972-жылы туулган Й.З. аттуу жаран жандандыруу бөлүмүндө жатып, баш мээсинен алган жаракаттан улам эсине келе албай 10 мүнөттөн соң каза болгон. Ал эми 1976-жылы туулган Ю.Г. аттуу жарандын сөөгү сынып, Нарын облустук травматология бөлүмүнө жеткирилген. Ошондой эле, 1973-жылы туулган В.Ц. аттуу дагы бир кытай жараны алган жаракатынан улам райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун хирургия бөлүмүндө жатат.

Кырсык болгон жердеги видеону күбөлөр жөнөтүштү

Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду «China Railway International» («Чайна рейлвей интернешнл») компаниясы ишке ашырууда. Бишкек шаарында «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жол» компаниясы» ЖЧКсынын өкүлчүлүгү бар.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz