Главная страница » Айылдагы жигиттерди сүрдөткөн салыкчы кыздын Таластагы бактылуу карылыгы

Айылдагы жигиттерди сүрдөткөн салыкчы кыздын Таластагы бактылуу карылыгы

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushТалас районунун Кум-Арык айылынын 71 жаштагы тургуну Айтбүбү Турсуналиева «салыкчы келин» аталып, СССР учурунда айыл өкмөт болуп иштеген. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Арашан айылында туулган.

«Бүлкүлдөк орто мектебин аяктап, андан соң Жамбылда 1 жылдык финансы мектебине окуп, андан кийин Фрунзе шаарындагы финансы техникумун аяктагам. 1975-жылы Бакай-Ата районунун Түйтө айылына келин болуп бардым. Ал учурда мен 22 жашта болчумун. Турмушка чыга электе өзүмдүн «40 лет» деген сельсоветинде салыкчы болуп иштеп жаткам. Жолдошум менден 4 жаш улуу эле. Ал биз жака жээн болуп келип, экөөбүз кичинекей кезибизде чогуу ойночубуз. Кийин менден «салыкчы кыз» деп сүрдөп балдар сүйлөшкөнү келе алышчу эмес. Ошондо жолдошум кичинекей кезимден тааныгандыктан, «сени алам» деп эле алып кетип калган.

Турмушка чыккандан кийин деле салыкчы болуп иштей бердим. Ортодо жумушка маршруттук каттам бар эле, оңой эле болчу. Кайын журтум менен 2 жыл чогуу жашадык. Жолдошум суугатчы болуп иштечү. Ал катуу ооруп калгандыктан, окууга тапшырып калды. Ал кезде атайын кесиптик окуу жайлар көп эле. Ошол жактан аарычы кесибине ээ болуп чыгып, көп жылдар аары баккан фермаларда иштеди.

Экөөбүз жумушубузга байланыштуу Талас районунун Кум-Арык айылында отурукташып калганбыз. Ушул жерден жер тилке бөлдүрүп, экөөбүз 3 ай аралыгында 2 бөлмөлүү үй курганбыз. Мен эмгек өргүү алып, ылай ташып бергем. Ал аралаштырып, сокмо урат. Ошентип экөөбүз күнү-түнү иштеп, 2 кичинекей кызыбыз менен үйлүү болуп киргенбиз.  

8 жылдан ашык салыкчы болуп иштедим. Андан соң ошол эле сельсоветке бухгалтер, андан кийин катчы болуп иштеп жүрдүм. 1982-жылы мени сельсоветке жетекчи кылып дайындап коюшту. Бул азыркы тил менен айтканда айыл өкмөт башчысы деген кызмат. Ал кызматты 5 жылга жакын аткардым. Ал учурда жумурткадан тарта, малдын жүнү, эт, сүт баарына план бар эле. Бардыгын иретке келтирип, бири-бирине алмашуу жолу менен жумуш кылдырат элек. Мисалы жалгыз эле айылда бир универмаг болот. Ал жерде килем жана башка нерселер тартыш. Аны алыш үчүн сары майдан 10 кг же болбосо 200 жумуртка алып барып, алмашып алышат эле.

Чогулуштарды атайын саат 5:00тен кийинки убакытка коюшат эле. Түнкү саат 11-12ге чейин чогулуш болуп, анан үйгө 1 сааттан ашык убакыт жөө басып жетчүмүн. Ошол учурларда жолдошум деле унчукпай туура тушунуп, кабыл алчу. Анан декретке чыгып, ошо менен жумушту биротоло өткөрүп бергем. Андан кийин 1995-жылга чейин айыл өкмөттө башкы бухгалтер болуп иштедим.

Жолдошум 1990-жылы каза болуп калды. Экөөбүз 4 кыздын ата-энеси болдук. Азыркы заман менен салыштырып, кыздарыма «силер мүмкүнчүлүгү көп заманда жашайсыңар» деп  көп айтам. Жаштык күндөрдү эстесем өзүнчө эле жомоктой сезиле берет. Бирок ошондой мүмкүнчүлүк аз заман болсо дагы, бардыгы ынтымактуу болчу. Кызматтагы киши деп абдан сыйлашат эле. Планга чыкпай калсак, түнү менен калып жумуш жасашчу. Айыл өкмөт болуп турганда алган 140 рубль бардык нерсеге кенен жетчү эле», – деди Айтбүбү апа.

 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz