Главная страница » Адылбек Касымалиев Франциянын министрин кабыл алды

Адылбек Касымалиев Франциянын министрин кабыл алды

by EurasiaPluse
0 пікір

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Франция Республикасынын тышкы соода жана чет өлкөлөрдөгү француз жарандары боюнча министри Лоран Сен-Мартенди кабыл алды.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, анын ичинде соода, экономика, инвестиция жана туризм тармагындагы маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Ошондой эле экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана Кыргызстандагы француз бизнеси үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көңүл бурулду.

«Минкаб төрагасы жолугушууну президент Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун Франциянын президенти Эммануэль Макронго жолдоо менен баштады. Ал Кыргыз Республикасы Франция Республикасы менен достук жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

“Кыргызстан туруктуу экономикалык өсүшкө умтулат жана эл аралык кызматташтык үчүн ачык. Биз ачык-айкындуулукту жогорулатууга, ишкердик климатты жакшыртууга жана инвестиция тартууга багытталган масштабдуу реформаларды жүргүзүп жатабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Ал инвесторлордун укуктарын коргоо, бизнесте мыйзамдын үстөмдүгүн жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында маанилүү ченемдик-укуктук актылар кабыл алынып, бул иш улантылып жатканын айтты. Бул контекстте ал биргелешкен долбоорлорду координациялап, соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо үчүн аянтча катары кызмат кыла турган кыргыз-француз өкмөттөр аралык комиссиясын түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Лоран Сен-Мартен жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалады. Ал өлкөдө болуп жаткан оң өзгөрүүлөр жалпы регионго таасирин тийгизип, өнөктөштүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.

Министр Франциянын эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын демилгелерин колдоого даярдыгын тастыктады жана француз тараптын туризм жана жашыл энергетика сыяктуу тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар бул жолугушуу кыргыз-француз өнөктөштүгүн тереңдетүү жана кызматташтыктын жаңы горизонтторун ачуу үчүн бекем негиз болот деген ишенимин билдиришти», – деп айтылат расмий маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Қазір оқылып жатыр

EurasiaPluse.kz

Ел іші-сыртындағы өзекті жаңалықтар, сараптамалар, саяси және қоғамдық пікірлер

Соңғы жазбалар

@2025 – Барлық құқықтары қорғалған. EurasiaPluse.kz