Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылынын 34 жаштагы тургуну Бермет Мусаева сүт азыктарынан продукцияларды чыгарып, 4 баласын багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, Сузак районунун кызы.
«Таласта жашап жатканыма 15 жылдын жүзү болду. Айтматов районунун Үч-Булак айылынын келини болчумун. Тилекке каршы жолдошум экөөбүз 3 жыл мурун эки ажырым жолго түшкөнбүз. 2 уул 2 кызым бар. Аларды ушундай адал эмгек менен багып жатам десем болот.
Сүт азыктары менен иштеп баштаганыма көп эле жыл болду. 2016-жылы эле үйдө 5 уй саап, сүттөн ар кандай каймак, айран, сары май жасап, райондун борборундагы дүкөндөргө өткөрүп кетчүмүн. Жумушсуз отура бербей, аракет кылалы деп баштаган элек. Ал учурда чет жака иштеп кетели десек, балдарыбыз жаш болчу. Анан ушул иш менен оокат кылчубуз. Казанга кайнатып, колго сүт тартып жасачумун. Кийин өзүмчө балдар менен квартирага чыктык. Баары чоңоюп келе жатат, көбүрөөк акча керек болуп, ушул ишти колго алып, атайын таңгак ойлоп таап, таза натуралдык азыктарды чыгара баштадык. Азыр күнүнө 1 тонна сүттү иштетебиз.
Жаш ишкерлерди колдоо долбоорлорунун аркасынан пайызы арзандатылган насыя алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ушул жылдын март айында гранттык негизде «Хонда Стрим» унаасын алдым. Бул мага абдан мотивация болду. Учурда продукциябызды Айтматов жана Манас районунун дүкөндөрүндө сатылып жатат. Сары май, сүт, айран, куруттун түрү, каймак жасалат. Ар биринин баасы дагы айыл элине ыңгайлуу десем болот. Эң негизгиси натуралдык азыктар, таза шартта жасалат. Каймактын 150 граммы 80 сомдон башталат. Курут атайын идиште салынганы граммына жараша 300 сомдон жогору. Сары майдын 1 кг 850 сомдон, айрандар 1 литр 55-60 сомдон жогору идиштерде салынып сатылат.
Сүт тез бузулуучу азык болгондуктан, жайында ташыган кыйыныраак. Былтыр грант аркылуу 5 муздаткыч алып, атайын ири дүкөндөргө орноттук. Өтпөй калган азыктарды ошол жерде улам алмаштырып турабыз», – деди ал.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды