Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Бишкек шаарындагы профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 4-классынын окуучуларына англис тили боюнча жаңы окуу китептерин тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Джунг Тапа катышты.
Окуу комплектинде окуу китеби, жумушчу дептер жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо бар. Алар окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн иштелип чыккан.
Министр бул китептер алгачкы ата-мекендик менчик окуу комплекти экенин белгиледи.
«Мындан ары ар бир окуучу окуу китеби, жумушчу дептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмосу, ошондой эле аудиокоштоосу менен камсыз болот. Эми 3-класстан 9-класска чейинки бардык окуучулар окуу куралдарын акысыз алышат», – деди министр.
Ал эми элчи Николас Боулер Улуу Британия Кыргызстандын мектептеринин англис тилин үйрөнүүдө дүйнөлүк стандарттарга жетүүнү камсыз кылуу аракеттерин колдой турганын айтты.
«Трансформация убакытты, ресурстарды жана туруктуулукту талап кылганы менен, мындай инвестициялар билим берүүнү жакшыртууга жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө бекем негиз түзөт. Биз Кембридж программасына негизделген окуу китептерин колдоп жатканыбызга кубанычтабыз. «Алтын Казык» билим берүүнү реформалоо программасын ишке ашыруу жана Кыргызстандын билим берүү системасын колдоо — бул өлкөнүн жаштары жана келечек муундары өз максаттарына жетиши үчүн өтө маанилүү», – деди ал.
Улуу Британиянын тышкы иштер, шериктештик жана өнүгүү министрлигинин жана ЮНИСЕФтин каржылык жана техникалык колдоосу менен өлкөнүн бардык башталгыч класстарынын 4-класстары үчүн 158 миң 700 окуу китеби, 158 миң 700 жумушчу дептер жана мугалимдер үчүн 4950 методикалык колдонмо басылып чыкты.
Быйыл өлкөнүн бардык мектептеринин 3, 5, 6, 7, 8, 9-класстары англис тил боюнча жаңы окуу китептерин алышат. Бул китептерди чыгаруу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды