Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – 1-майдан тарта «М Булак» микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомунун айрым банктык операциялар боюнча лицензиясы токтотулат. Бул чечим Төлөм системасы боюнча комитет тарабынан 25-апрелде кабыл алынганын Улуттук банк маалымдады.
Атайын жөнгө салуу режиминин алкагында чакан насыя компаниясы төмөнкү операцияларды аткаруу укугунан ажырайт:
– нак эмес түрдө кредиттерди берүү үчүн «Элкарт» улуттук төлөм системасынын алдын ала чектелген функционалы менен кредиттик карталарды чыгаруу;
– «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарынын «М Булак» МКК» ЖЧКнын POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде товарлар, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө максатында соода-тейлөө ишканалары менен POS-терминалдарды орнотуу/QR-коддорду колдонуу жана төлөм каражаты катары «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарын, Visa жана MasterCard эл аралык төлөм системаларынын карталарын, Кыргыз Республикасынын локалдык электрондук акчасын кабыл алуу боюнча келишимдерди түзүү, коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары/акцептанттар менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.
Маалымат үчүн:
Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «М Булак» ЖЧКнын түзүүчүсү деп Бабыржан Төлбаев менен Алексей Кокарев катталган. Жетекчиси катары Бахтиёр Төлбаев жазылып турат.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды